Министрлик ЖОЖдорго кабыл алуу качан башталарын айтты

Биринчи тур 9-июлдан 14-июлга чейин уланса, экинчи тур 16-июлдан 21-июлга чейин созулат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу жана тандоо туру 9-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы кабарлады.

Күрөң кунажынды сатып окууга өтүп... Айылдык бүтүрүүчүнүн ыймандай сыры
Министрлик ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2018-2019-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу жана тандоо турларынын графигин жарыялады.

Анда жазылгандай биринчи тур 9-июлдан 14-июлга чейин уланса, экинчи тур 16-июлдан 21-июлга чейин созулат. Үчүнчү тур Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен өткөрүлүп, 23-июлдан 28-июлга чейин уланмакчы.

25-августка чейин абитуриенттердин тизмеси такталып, тастыктоо иштери жүрөт.

Бүтүрүүчүлөргө жана ата-энесине жардам иретинде Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү бардык окуу жайлардын дарек, телефондорун чогултуп койгон.