Чычкан суусуна түшүп кеткен унаадагы 6 адам жабыркап, экөө табылбай жатат

Бишкек — Ош жолунда бара жаткан айдоочу рулду башкара албай калып, жолдон чыккан да унаа сууга кирип кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда бара жатып, "Чычкан" суусуна түшүп кеткен унаанын ичиндеги сегиз адамдын экөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыккан да унаа Чычкан суусуна түшкөн.

"Машинанын ичинде 8 адам болгон, алардын алтоону жолдон өтүп бара жаткан айдоочулар Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен. Ал эми эки адам дайынсыз болууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн жети куткаруучу тартылды.