Пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги менен улук тергөөчү кармалды

Колго түшкөндөр айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп жана кылмыш ишин токтотуу үчүн акча талап кылышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. ИИМдин тергөө башкы башкармалыгынын начальниги менен улук тергөөчүсү беш миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен ИИМдин ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү буга чейин Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренелери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында иликтөө иштерин жүргүзгөн.

"Натыйжада ИИМдин тергөө башкы башкармалыгынын М.Н. аттуу начальниги менен Ж.А. аттуу улук тергөөчүсү беш миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Алар айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп жана кылмыш ишин токтотуу үчүн акча талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштерин жүргүзүү милдети УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүп берилди. Териштирүү амалдары жүргүзүлүүдө.