Таласта корукта жүргөн мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды. Сүрөт

Фотокапкан браконьерлик менен күрөшүү максатында орнотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Талас облусундагы кайтарууга алынган корукта мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды. Бул тууралуу NABU айлана-чөйрөнү коргоо уюмунун маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

1 / 2
Талас облусундагы кайтарууга алынган корукта мылтыкчан киши фотокапканга түшүп калды
2 / 2
Учурда фотокапканга түшкөн сүрөттөр боюнча маалыматтар текшерилип жатат.

Анын айтымы боюнча сүрөт июнь айынын аягында "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагынан тартылган.

"Аңсакчы Рашитбек Бешкемпиров билдиргендей, корукта күрөң аюу, ак илбирс жана сейрек кездешүүчү жандыктар бар. Учурда фотокапканга түшкөн сүрөттөр боюнча маалыматтар текшерилип жатат. Эгер бул адам браконьер болуп чыкса, тийиштүү чаралар көрүлөт. Ошондой эле жапайы жаратылышка мыйзамсыз негизде кол салгандарга каршы иштер күчөтүлөт", — деди Эсенбаева.

Ал ошондой эле NABU уюмунун "Илбирс тобунун" кызматкерлери тарабынан май айынын башында төрт фотокапкан орнотулганын кошумчалады.