БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Шаршемби күнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө 26…31 градуска ысыса, Таласта 24…29, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 27…32, Ысык-Көл менен Нарында 21…26 градус аптаптуу болушу күтүлөт.
Борбор калаада күн күркүрөп 29…31, Ош шаарында 30…32 градус ысык болот.