Кыргызстандык окуучулар астрономия жана физика олимпиадасынан үч медаль утту

Эл аралык олимпиадага жети мамлекеттин окуучулары катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандык үч окуучу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Мирзо Улугбек атындагы эл аралык олимпиададан үч медаль утушту. Бул туурасында коңшу өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

1 / 2
Кыргызстандык үч окуучу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Мирзо Улугбек атындагы эл аралык олимпиададан үч медаль утушту
2 / 2
Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Беларусия, Япония жана Түркмөнстандан барган 10-11 класстын 45 окуучусу күч сынашкан.

Аталган олимпиада астрономия жана физика сабактары боюнча 19-23-июнь күндөрү болуп өттү. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Белоруссия, Япония жана Түркмөнстандан барган 10-11-класстын 45 окуучусу күч сынашкан.

Астрономиядан Бишкектеги №61 Автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Ырыскелди Анарбеков алтын медалга ээ болгон.

Университет, академияларды таппай жатасызбы? Өлкөдөгү ЖОЖдордун даректери
Ал эми физикадан Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинде 10-класста окуган Тимур Тынычбеков күмүш, Аксы районунун Жоробек Маматбеков атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эрназар Сыдыков коло медаль утуп кайткан. Жалпы жонунан Кыргызстандан 6 окуучу катышкан.

Олимпиада өзбекстандык белгилүү окумуштуу Мирзо Улугбектин атынан негизделип, быйыл биринчи жолу өтүп жатат. Бул президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштуруулуда. Мындан ары 10-11-класстар арасында ар эки жыл сайын өтүп турмакчы. Алдыңкы орунду ээлегендерге медаль жана атайын белектерден сырткары, Өзбекстандын жогорку окуу жайларында окууга жеңилдиктер берилет.