ШИИБ: баңгизатын колдонду делген телеканалдын редактору милиционерди коюп кетти

Милиционердин ийини сынып ооруканада жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкекте ыкчам издөө иш аракеттеринин учурунда бир киши милиционерди унаасы менен коюп, изин жашырды. Бул тууралуу ШИИББден маалымдашты.

"Окуя 25-июнь күнү болгон. Бишкектеги Октябрь райондук ИИБдин кызматкерлери ыкчам издөө иш аракеттерин жүргүзүп жаткан учурда Mercedes-Benz GL 450 үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Айдоочунун документтерин текшерүү маалында 34 жаштагы А.В. аттуу унаа ээси милиционерди коюп, изин жашырган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болор замат "перехват" планы жарыяланып, айдоочу колго түшүрүлгөн. Текшерүү учурунда айдоочунун чөнтөгүнөн 9,5 грамм гашиш табылган. Мындан сырткары, медициналык экспертиза кармалган киши ошол эле баңгизатын чегип алганын көрсөткөн.

Исфанада депутаттын көмүрканасынан героин табылды
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө күч колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми табылган баңгизаты боюнча экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.

Милициянын маалыматына караганда, колго түшүрүлгөн киши телеканалдардын биринин редактору болуп эсептелет. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми жаракат алган милиция кызматкери учурда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат.