Улуттук банк: Кыргызстандан сыртка көбүрөөк акча которула баштады

Сыртка чыккан каражаттардын көлөмү 30 миллион долларга көбөйдү.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жеке тараптардын Кыргызстандан башка өлкөлөргө которгон акчасы ушул жылдын баштапкы төрт айында 150 миллион долларга жетти. Бул туралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Былтыркы жылдын январь-апрель айларындагы которуулардын жалпы суммасы 119,5 миллион долларга жеткен. Демек, сыртка чыккан каражаттардын көлөмү 30 миллионго көбөйдү.

Акчалар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө которулат.