БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Коомдук ажатканада кишинин колу тийген жана унитазды жууганда суу чачыраган жердин бардыгы ден соолукка зыян алып келе турат. Окумуштуулардын ушул багыттагы иликтөөсү Conversation илимий журналына жазылды.
Иликтөөгө ылайык, коомдук ажатканадагы раковина, самын салгыч жана даарат кагаздар турган жерде бактериялар көп. Киши ажатканада дал ушул нерселер менен колдонгондуктан көп сандагы микробдору чогулуп калат.
Изилдөөгө ылайык, айрым кишилер ажатканага кирип алып чылым чегип, тамак жеп же түрдүү ичкиликтерди ичишет. Өз кезегинде мындай адат туура эместигин жана андан арылуу керектиги белгиленди.
Ал эми унитаздын киши отура турган жери ден соолукка зыян алып келбейт. Анткени ичеги ооруларын козгой турчу таякчалар кишинин колу менен оозу аркылуу жугат. Окумуштуулар ажатканага кирип жеңилдегенден кийин дароо чыгуу керектигин эскертет.