"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун карамагындагы көмөк чордондор өз убагында оңдоп-түзөөдөн өтүп турарын Элзада Саргашкаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаңыланган көмөк чордондор мурункусуна салыштырмалуу жакшы иштеп жатат.
"Ишкананын карамагындагы көмөкчордондор менен аба чубалгылары жыл сайын ремонттон өткөрүлүп турат. Быйыл да жай келээри менен биздин адистер текшерип, оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Көмөк чордондорду модернизациялоо атайын долбоорлордун арты менен болот", — деди Саргашкаева.
Ал коопсуздук үчүн подстанциялар атайын тосмо менен тосуларын кошумчалады.