Радио

Кадыралиева: кесиптик окуу жайларды жакшыртуу керек

Экс-депутат Ыргал Кадыралиева балдарга кесиптик билим алуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү керектигин айтты.
Sputnik
Кадыралиева: кесиптик окуу жайларды жакшыртуу керек

Кесиптик окуу жайлардын шарттарын жакшыртуу керек. Жөнөкөй, турмуш-тиричиликке керектүү кесиптерге балдар милдеттүү түрдө ээ болушу шарт. Мындай пикирин Ыргал Кадыралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баланын кесип тандоосуна ата-энелер жооптуу.

"Азыркы заманда сөзсүз ЖОЖ бүтүрүү зарыл эмес. Мезгил талабына жараша кесипке ээ болуп, жашоосун жакшы алып кеткен оңой да, туура да жол. Ошол эле чет мамлекеттерге чыкканда да сенин ЖОЖ бүттү деген дипломуң эмес, үйрөнгөн кесибиң жардам берет. Андыктан тиешелүү министрлик да чоң-чоң реформаларды жасап, кесиптик окуу жайлардын деңгээлин көтөрүүсү керек", — деди Кадыралиева.

Ал бул багытта башка мамлекеттерди карап, Кыргызстанга туура келгенин үлгү катары алууга болорун кошумчалады.