Дания Футбол чемпионатында плей-оффко чыкты

Франциянын командасы өз тобунда жалпысынан жети упай топтоп биринчи орунду алса, даниялыктар беш упайы менен экинчиде.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. – Sputnik. Даниянын футбол командасы Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында Франция менен беттешип тең чыгуу менен плей-оффко өттү. 

"С" тобундагы эки команда Москвадагы "Лужники" стадионунда кармашып, оюн 0:0 эсебинде аяктады. 

1 / 2
Даниянын футбол командасы Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында Франция менен беттешип тең чыгуу менен плей-оффко өттү.
2 / 2
"С" тобундагы эки команда Москвадагы "Лужники" стадионунда кармашып, оюн 0:0 эсебинде аяктады.

ФИФАнын маалыматы боюнча оюндун эң мыкты футболчусу деп франциялык жарым коргоочу Н' Голо Канте табылды. 

Франциянын командасы өз тобунда жалпысынан жети упай топтоп биринчиге чыкса, даниялыктар беш упайы менен экинчиде.