Дональд Трамп жубайы Меланья экөөнүн мамилесине баа берди

Президент негизинен ЖМК өкүлдөрүнө нааразы болду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Түштүк Каролина штатында тарапташтары менен жолугуп жатып жубайы Меланья экөөнүн мамилеси ушу тапта болуп көрбөгөндөй жакшы экенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Өлкө башчынын айтымында, үй-бүлөдө азыркыдай жагымдуу, сыйкор мамиле эч качан болгон эмес.

"Азыр Меланья экөөбүз башыбыздан өткөрүп жаткан бейгам учур мурда-кийин болгон эмес. Сурамжылоолор да жакшы жыйынтыктарды берүүдө", — деди Трамп.

Меланья Трамптын күрмөсүндөгү чагымчыл жазуу соцтармакта катуу сынга калды
Президент жубайы ооруканада жатып, бөйрөгүнө операция жасатып жатканда бет терисин тарттыруучу процедуралардан өтүп жатат деп жазган ЖМКларга нааразы болду. Андан тышкары, Меланья күйөөсүн таштап Ньюй-Йорк же Вирджинияга кетип калды деген кептер да суу кечпей турганын кошумчалады.

Трамп сүйлөп жатып Меланьянын зиректигине жана табитине жогорку баасын берди.