Сауд Аравияда аялдар биринчи жолу рулга отурду

Сауд Аравия аялдардын машина айдоосуна уруксат бербеген дүйнөдөгү жападан жалгыз мамлекет болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Cауд Аравиянын аялдары өлкөнүн падышасы уруксат бергенден кийин 24-июнда, жекшемби күнү шаардын көчөлөрүнө машина айдаганы чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

ЖМК: Сауд Аравияда аялдардын ресторанда иштөөсүнө уруксат берилди
Сауд Аравияда тарыхта биринчи жолу аялдардын өз алдынча машина айдоосуна уруксат берилип жатат.

Былтыр сентябрда Сауд Аравиянын падышасы аялдардын машина айдашына уруксат берген жарлык чыгарган. Сауд Аравия аялдардын машина айдоосуна уруксат бербеген дүйнөдөгү жападан жалгыз мамлекет болчу. Жаңы жарлык 2018-жылдын 24-июнунан тарта күчүнө кирди.

Аялдардын биринчи жолу машина айдап жатканын өлкөнүн бир катар телеканалдары түз эфирден көрсөттү.

Бийликке 2015-жылы падыша Мухаммед бен Салман келгенден кийин өлкөдө ири реформалар жасала баштаган. Бен Салман Vision 2030 стратегиялык планын кабыл алган. Анын алкагында мамлекеттин экономикалык жана коомдук абалынын өзгөрүшү күтүлүүдө. Сауд Аравияда 40 жылдан бери биринчи жолу кинотеатрлар ачылып ишке кирди. Ошондой эле өлкөнүн өзүнүн кинотеатры да курулат.