Россияда кыргызстандык келинди өрттөп кетишти. Полиция күйөөсүн кармады

Качып чыгууга үлгүргөн 19 жаштагы жигит денесинин 80 пайызы күйүп ооруканада жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ленинград облусунун Киров районундагы Шлиссельбург шаарында кыргызстандык келинди дүкөндүн ичинде өрттөп кетишти. Аталган маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.

Окуя 24-июнга караган түнү саат 2.30дар чамасында болгон. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы келиндин кайниси Нурмат Мамытов менен байланышып, ал өрттөн дагы бир иниси жаракат алганын айтып берди.

"Жеңебиз 19 жаштагы иним экөө азык-түлүк саткан дүкөндө сатуучу болуп иштечү. Өрт чыкканда иним качууга үлгүрүп, жеңем чыга албай калып ошол жерде жан бериптир. Ал эми иним денесинин 80 пайызы күйүп ооруканада жатат. Муну ким жасаганы белгисиз. Бирок шектүү катары полиция анын күйөөсүн, менин агамды алып кетти", — деди Мамытов.

Анын билдиришине караганда жубайлар жети жылдан бери ал жакта иштеп жүрүшкөн, Ысык-Көлдүн Барскоон айылынын тургундары.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт тууралуу түнкү саат 2.19да билдирүү түшкөн. Өрт жарым саатын ичинде толугу менен өчүрүлгөн.