Жубайына төрөтканага бараткан... Бишкектеги жол кырсыгынан офицер каза тапты (жаңыланды)

Кырсыктан төрт адам жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектеги Орто-Сай базарынын жанында ири жол кырсыгы катталып, натыйжада Улуттук Гвардиянын кызматкери каза болду.

1 / 3
Бишкектеги Орто-Сай базарынын жанында ири жол кырсыгы катталып, натыйжада Улуттук Гвардиянын кызматкери каза болду
2 / 3
Дүйшөмбү күнү таңкы саат беште болгон кырсыкка Toyota Camry, Mercedes-Benz жана Ravon унаалары кабылган
3 / 3
Ыкчам медицина борбору окуянын кесепетинен төрт киши жабыркап ооруканага түшкөнүн билдирди.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдү күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына жиберди.

Кырсыктан сактоочу 10 белги. Дасыккан айдоочулардан кеңеш
Дүйшөмбү күнү таңкы саат беште болгон кырсыкка Toyota Camry, Mercedes-Benz жана Ravon унаалары кабылган.

Ыкчам медицина борбору окуянын кесепетинен төрт киши жабыркап ооруканага түшкөнүн билдирди. Бирөө оор абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилген.

Улуттук Гвардиянын маалымат кызматы кырсыктан ага лейтенант каза болгонун тактады. Ал Улуттук Гвардиянын капитан наамындагы кызматкери менен Mercedes-Benz унаасында келе жаткан. Капитандын учурда абалы оор.

"Ага лейтенант жубайына төрөт үйүнө бара жаткан. Toyota Camry унаасын мас абалындагы студент катуу айдап келе жаткан деген божомол бар", — дешти Улуттук Гвардиядан.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы окуянын чоо-жайы такталып жатканын белгиледи.

Белгилүү болгондой материал жарыкка чыккандан кийин аскер кызматкерлери капитандын жубайына төрөтканага жөнөшкөн. Бирок кийин маркумдун эч кандай жубайы болбогону, бойдок экени маалым болду.