Пресс-борбор

Ысык-Көлдүн кайсы пансионаттары конокторду кабыл алууга даяр эмес

Маалымат жыйын 25-июнда саат 12:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Sputnik

Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы Ысык-Көлдөгү 50дөн ашык пансионатты текшерип, бир топ мыйзам бузууларды тапкан. Эс алуу жайларындагы өрт коопсуздугу, пляждын тазалыгы жана коопсуздугу, суунун тазалыгы текшерилген.

Жыйындын катышуучусу:

БОРОЧОРОВ Талант Айсаракунович — Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Балыкчы, Чолпон-Ата жана Тоң, Ысык-Көл райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

ЖМКларды каттоо жеринде жүргүзүлөт. Кошумча маалымат үчүн +996 312 98-69-47, +996 312 98 69 44 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз m.elebesov@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.