Кыл чайнашкан беттеш. Япония менен Сенегал тең чыкты

Оюн Екатеринбургдагы "Арена Екатеринбург" стадионунда өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын экинчи турунда Япония менен Сенегал 2:2 эсебинде тең чыкты. Бул оюн болуп көрбөгөндөй кызыктуу өттү. Командалар атаандашын утуу үчүн акыркы мүнөттөрдө болгон күчүн жумшашты.

Оюн Екатеринбургдагы "Арена Екатеринбург" стадионунда ойношту. Аларга италиялык Жанлука Рокки калыстык кылды. Ал беттештин негизги убактысына кошумча 4 мүнөт кошуп берди.

1 / 4
Оюн Екатеринбургдагы "Арена Екатеринбург" стадионунда ойношту.
2 / 4
Биринчи тайм 1:1 эсебинде аяктады. Эсепти сенегалдык Садио Мане 11 мүнөттө ачты.
3 / 4
Бул оюн болуп көрбөгөндөй кызыктуу өттү. Командалар атаандашын утуу үчүн акыркы мүнөттөрдө болгон күчүн жумшашты.
4 / 4
Жалпы эсеп 2:2 болду.

Биринчи тайм 1:1 эсебинде аяктады. Эсепти сенегалдык Садио Мане 11 мүнөттө ачты. Ал эми оюндун 34 мүнөтүндө япониялык Такаси Инуи эсепти теңеди. Ал эми экинчи тайм ортолоп калганда 71 мүнөттө сенегалдык оюнчу Мусса Ваге атаандашынын дарбазасына топ киргизип оюнду 2:1 кылып командасын алдыга сууруп чыкты. Бирок туура жети мүнөттөн кийин (78-мүнөт) япониялык Кэйсукэ Хонданун тепкен тобу таамай келип атаандашынын дарбазасына кирди. Ошентип эсеп 2:2 болду.

Эске салсак, Япония менен Сенегал "H" тайпасындагы күчтүү командалар экенин тастыктай алышты. Эки команда тең чемпионаттагы мелдештерди жеңиш менен башташкан. Япониянын курамасы Колумбияны 2:1 эсебинде уткан. Сенегалдын командасы да поляктарды 2:1 эсебинде утуп алган.