Ирандын футбол күйөрманы хиджабын чечип, сулуулугу менен элди арбады. Сүрөт

Ирандык сулуунун сүрөтү Казань шаарындагы стадиондо тартылган. Ал күнү Иран Испанияга каршы ойногон.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта тартылган ирандык күйөрман кыздын сүрөтү социалдык тармактарда популярдуу болууда.

Анын сүрөтү интернет айдыңына бат эле тарап, спорттук ЖМКлар да көңүл бурган. Учурда сулуунун сүрөтү Reddit порталында кызуу талкууланууда. 

Болельщики сборной Ирана на чемпионате мира по футболу

Аталган сүрөттү Ассошиэйтед Пресс агенттигинин фотографы Фрэнк Августин тарткан. Бийкечтин моюнундагы бейджигине караганда, аты Айда. Ал Казандагы стадионго барып, күйөрмандык кылган. Ошол күнү Иран Испанияга каршы беттеш өткөргөн болчу.

Жума башында Иранда футбол стадиондорунда кыз-келиндердин оюн көрүүсүнө тыюу салган чечим жокко чыгарылган. Бирок ага карабай, интернет колдонуучулар кыздын кичи мекенине кайтып баргандагы келечеги үчүн кооптонууда.

Футбол чемпионатында күйөрмандык кылган башка сулуулардын сүрөтүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр