Бишкек — Ош жолунда газ ташыган унаа жол кырсыгына кабылды. Сүрөт

Унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 410-чакырымында газ ташыган унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 24-июнь күнү саат 08:20лар чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына жакын жердеги Беке-Чал участогунда болгон. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу автомашинаны башкара албай калгандыктан авто капталынан кулап, трассаны жаап калган.

"Окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү, бир жүктөгүч унаа тартылып, куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жолчулар барган. Азыркы маалда жол жарым жартылай ачылып унаалар өтүп жатат. Бирок газ ташыган унаанын чиркегичи жолдон алына элек. Себеби адамдардын коопсуздугу үчүн андагы газды чыгарып алуу зарыл болууда", — деп ӨКМден билдиришти.

Жол кырсыгынан каза болгондор жана жабыркагандар жок.