"Тазалык" Ош базарынын сатуучулары канча таштанды калтырып кетерин көрсөттү

Видео 24-июнга караган түнү тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат кызматы "Ош" базарынын аймагы кантип тазалана тургандыгын көрсөттү.

Ишкананын Facebook тармагындагы расмий баракчасында түн ортосунда түз алып берүүнүн видеосу жарыяланган. Иш күндүн соңунда базардын тосмолорунун жанында үйүлгөн таштандыны көрүүгө болот.

Соодагерлер негизинен баштык, товарлардын таңгактарын таштап кеткен.