Туура 10 жылдан соң, 1936-жылы Юрий Дубовдун долбоору боюнча жаңы өкмөттүк имарат тургузулат. Жетекчилер үчүн майрамдык иш-чараларда эмгекчилерге кол булгалоого ыңгайлуу болгон кенен балкон-трибуна имаратты өзгөчөлөнтүп турган. Анын дал маңдайында азыркы Абдымомунов көчөсүндө созулуп жаткан аянттан нары Лениндин эстелиги заңкайып көрүнчү. Бүгүн ал имаратта Жогорку сот отурат.
70-жылдардын ортосунда республиканын жетекчилери аларга дагы жаңы имарат зарыл деп чечкен. Расмий кагаздарда кезектеги бул долбоор Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин жана Кыргызстан ЛКСМ БКнын биргелешкен кызматтык имараты деп белгиленген.1957-жылы партияга кадрларды даярдаган Республикалык партиялык мектебин салышкан. Жаңы имарат республиканын башкаруучу каймагына абдан жагып калган өңдөнөт, ага көчүп барууну чечет. Ушул эле жайга партиялык Борбордук комитетти, өкмөттү – Министрлер кеңешин жайгаштырат. Сегиз жылдан кийин аталган объектини реконструкциялап, эки катар 16 тирөөч тургузушкан. Бул имараттын көркүн арттырган. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мында көпкө чейин Жогорку Кеңеш отурду, ал эми азыр өкмөт ээлейт.
Аны фрунзеликтердин сүйүктүү жайы болгон шаардык стадиондун ордуна курууга бел байлашкан. Убагында ал жаштардын күчү менен “Звездочка” паркынын (азыркы Панфилов сейил багы) жанында курулган. Көп жыл мурун стадиондо футбол, баскетбол, волейбол жана кол топ боюнча мелдештер өтчү. Ошондой эле мында үч бассейн иштеп, ал эми ар кышта футболдук талаага муз тоңдурушчу.
Кийинчерээк калаанын чордонунда жаңы, чоң "Ала-Тоо" аянтынын курулушу башталып, стадионду да, парктын ичиндеги чоң көрүүчү залы бар жайкы театрды, Офицерлер үйүн, “Киргизия” мейманканасын жана Ленин проспектисинин (азыркы Чүй проспектиси) боюндагы турак үйлөрдү бузушкан.
Долбоорду ишке ашырууга кол кабыш кылган архитекторлор курулуштун жүрүшүндө улам эле бир нерсени өзгөртүүгө туура келгенин эскеришет. Республиканын эмгек сиңирген курулушчусу Олег Лазарев долбоорду жеке көзөмөлдөгөн Кыргызстан компартиясынын БК биринчи катчысы Турдакун Усубалиев негизи архитекторлорго кысым көрсөтпөгөнүн, бир нерселерди кайра оңдоону жумшак гана өтүнгөнүн айтат.Кызыгы, 1986-жылы белгилүү архитекторлор Евгений Писарской жана Валентин Курбатов «Советтик Кыргызстандын архитектурасы» деген китеп чыгарышкан, бирок ошол кезде тургузулуп калган азыркы Ак үй тууралуу бир сап да жазышкан эмес.1975-жылы архитектуралык сынак жарыяланып, өткөрүлгөн. Андан долбоору башкалардыкына салыштырмалуу жөнөкөй жана ачыктыгы менен алда канча айырмаланган Александр Зусик жана Равкат Мухамадиев утуп чыккан. Ошол долбоорго ылайык, жети кабат жайдын бир тарабы Ленин проспектисине чыгып, экинчиси чыгышты карап турган. Короосунда жыйындар залы бар блок тургузулмак. Долбоордо — Эски аянттан тарта азыркы Медеров көчөсүнө чейин өзүнчө бир меридионалдык эспланаданы элестеткен, башкача айтканда, тоо кыркалары көрүнүп турчу ландшафттын башкы элементи боло турган кең көчө да камтылган. Бирок долбоорду ишке ашыруу убагы келгенде буюртмачы айнып, азыркы көрүнүшүндөгүдөй курууну чечет. Албетте, сынактан жеңип чыккан архитекторлор алардын демилгеси ишке ашпай калганына нааразы болушса, ал эми утулгандар дагы бир мүмкүнчүлүк колго келип турганын сезишкен.
Адегенде кире бериши айнектен жасалмак. Усубалиев анча тунук болбосун деп бир нече ирет суранган. Үчүнчү жолку өтүнүчтөн кийин архитекторлор айнекти гранит менен алмаштырууну чечишкен. Ал эми тирөөчтөрдүн ортосунда кичинекей гана терезелерди калтырышкан.
Каалгалар да айнектен коюлмак, аларды бышыгыраак кылууну суранышкандыктан, соңунда оор жыгачтан коюлган. Коопсуздук боюнча агезде ачык айтылган эмес, бирок балким ошондой эле болжошкондур. Айтмакчы, имараттын тегерегиндеги темир тосмо кийин Аскар Акаев башкарып турган убакта орнотулган.
Архитекторлордүн эскерүүсүндө имарат курулуп бүтүп, ал эми БК биринчи катчысы отставкага кеткен маалда “Фрунзе шамы” (“Вечерний Фрунзе”) редакциясынан аларга шаардын бир тургунунун катын беришкен. Ал Ак үйдүн биринчи кабатындагы маңдайынан (фасадынан) “Т” тамгасы так окуларын кабарлаган. Терезелердин үстүндөгү пилон менен дубалдардын ортосундагы туташтыргычка үңүлсөк, ушул арипти көрүүгө болот. Каттын ээси: «Турдакун Усубалиевич өз ысымын түбөлүккө ушинтип калтырууну каалаганбы?» деп түз эле суроо салган. Мындай деле болбогондур, тек гана башынан терезелер башкача жайгашмак, ал эми курулуштун жүрүшүндө долбоордун бул бөлүгүн кайрадан карап чыгуу керектелген.
Чүй проспектиси тарабындагы фасаддын жогорку бурчтары айырмаланып турарын көп киши байкабаса керек. Таш коюучулар бир тарабын каптап бүтүп калышканда капысынан архитекторлор терезе текчелеринин имерилиш багытын алмаштыргысы келет. Натыйжада бир терезенин алдында трапеция, ал эми башкасынын алды — төрт бурчтук шекилдүү болуп калган. Куруучуларды кайра баштан жасоого зордой алышкан эмес. Алар көпкө создуктуруп жүрө беришкен, ал эми кийин объектини өткөрүшкөн соң, кайра буздуруунун кажети жок эле.
Имараттын ички жасалгасы да өзүнчө кеп кылууга татыйт. Архитекторлор чоң бөлүктөр менен кең кылып жасалгалашмак, бирок буюртмачы көп бөлүктөрү менен улуттук үлгүнү сунуштаган. Ошентип, таш менен каптоо иши башталган. Ташты объектинин өзүндө кесип, иштеп чыгып, жылмакайлап, ага катар эле оймо-чиймелердин ар кыл түрүн ойлоп табышкан. Мындай ыкма имарат ичин жасалгалоодо жаңы технология болгон. Объекттге түрдүү түстөгү жергиликтүү мраморду ташып келишкен. Бул ички жасалганы ого бетер көркүнө чыгарган.