Германиянын футболчулары Швецияга 95-мүнөттө гол киргизип утуп алды

Беттеш Сочи шаарындагы “Фишт” стадионунда өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Германия менен Швеция командалары кез келип оюн 2:1 эсебинде германиялыктардын жеңиши менен аяктады. 

Беттеш Сочи шаарындагы “Фишт” стадионунда өттү. F тобундагы командалар бүгүн экинчи айлампага чыгышкан. 

1 / 3
Оюндун биринчи бөлүгүнүн 32-мүнөтүндө швециялык Ола Тойвонен атаандаштарынын дарбазасын топ киргизип эсеп санын ачты
2 / 3
Бирок экинчи тайм жаңы эле башталганда (48-мүнөттө) Германия командасынын оюнчусу Марко Ройс эсепти теңдеп койду
3 / 3
Кошума убакыттын 95-мүнөтүндө Тони Кроос гол киргизип командасына жеңишти камсыздап берди.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 32-мүнөтүндө швециялык Ола Тойвонен атаандаштарынын дарбазасын топ киргизип эсеп санын ачты. Бирок экинчи тайм жаңы эле башталганда (48-мүнөттө) Германия командасынын оюнчусу Марко Ройс эсепти теңдеп койду. Оюндун жыйынтыгы ошол боюнча өзгөрүүсүз болоору күтүлүп калган. Бирок берилген кошума убакыттын 95-мүнөтүндө Тони Кроос гол киргизип командасына жеңишти камсыздап берди. 

Биринчи айлампада Швеция курама командасы түштүк кореялыктарды 1:0 эсебинде утуп алса, Германия футболчулары мексикалыктарга жеңилип калган.