Радио

Бообекова: оор жумуш жасаган кыздар, балет менен алектенген жигиттер көбөйдү

Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова дүйнө жүзүндө эркек менен аялдын ролдору өзгөрүп жатканын айтты.
Sputnik
Бообекова: оор жумуш жасаган кыздар, балет менен алектенген жигиттер көбөйдү

Азыркы кезде спорттун оор түрү боюнча машыккан кыздар, балет менен алектенген жигиттер көбөйүүдө. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай нерседен абайлаш керек.

"Учурда Америка, Европа өлкөлөрүндө кыздардын көпчүлүгү оор спорттун түрү боюнча машыгып, аял кишиге жеңил эмес кесиптерди тандоодо. Ал эми жигиттер болсо балет сыяктуу жеңил нерселер менен алектене баштады. Мындай көрүнүшкө дуушар болбош үчүн жаш кезинен кызды кыздай, эркекти эркектей чоңойтуу кажет. Кийин турмуштун түйшүгүн көтөрүп кете алышы үчүн балдарга жыныстык ролдоруна жараша тарбия берүү шарт. Ошондо гана алар бекем үй-бүлө кура алат", — деди психолог.

Ал аял башкарган үй-бүлө мүчөлөрү депрессияга көп кабыларын кошумчалады.