Бишкектеги ресторандын жарымынан көбү күйүп кетти. Видео

Өрт саат 11:32де толугу менен өчүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Волшебная лампа Алладина" ресторанында чыккан өрт имаратты олуттуу түрдө жабыркатты.

ӨКМдин берген маалыматына ылайык, өрт тууралуу билдирүү бүгүн, 24-июнда эртең менен саат 9:25те келип түшкөн.

"Өрт саат 10:17де чектөөгө алынып, саат 11:32де толугу менен өчүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Өрттү өчүрүү үчүн төрт өрт өчүрүү унаасы тартылган.