Арменияда жалгыз киши казган 7 кабат бийиктиктеги үңкүрдү ачышты

Маалыматта буга Левон түш көргөндөн кийин киришкендиги айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Армениянын Аринж айылынын тургуну, тажрыйбалуу курулушчу Левон Аракелян 23 жыл эмгек жумшап, жер алдына сепил курган. Бул туурасында Daily Mail жазды. 

Кенияда 78 миң жыл мурда эл жашаган үңкүр табылды
Эми аталган жай туристтер үчүн ачылып, саякатчыларды кабыл ала баштады. Баары Левондун аялы Тося картошка сакташ үчүн жер төлө казып берүүнү суранганда башталган. Күйөөсү жер казууга кызыгып кетип, алгач жашылчаларды, андан соң вино сактоочу жер төлө, андан ары кызып, токтоно албай, акыры сепил жасап салган. Маалыматта буга Левон түш көргөндөн кийин киришкендиги айтылган.

Куруучу ал мезгилдери күнүнүн 18 саатын жер алдында өткөрүп, эшик сыяктуу тешиктери бар узун туннель казган. Ал сепилде тепкичтер, суктанта турган түркүктөр болгон. Левон 2008-жылы 67 жашында жүрөк оорусунан каза тапкан.