Кадамжай: сөөгү каналдан табылган 39 жаштагы аялдын өлүмү боюнча иш козголду

Келиндин артында беш баласы калды.
Sputnik

БАТКЕН, 23-июн. – Sputnik. Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Кыштак айылындагы "СШК" каналынан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Ага ылайык, окуя 18-июнь күнү болгон.

Милиция кызматкерлеринин иликтөөсүнүн жыйынтыгында маркум Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын 39 жаштагы тургуну экендиги аныкталды.

"Анын мойнунда, бетинде ар кандай жаракаттары бар экендиги такталып, өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Натыйжада аялдын оң чыкыйында бөлүгүндө, каракушунда жарааты бар экени, эки бети менен сол көзү көгөргөнү, мойнунун үстүңкү жана ортонку бөлүгүндө муунтуудан калган тактары аныкталды. Маркумдун баш мээсинин жабык түрдөгү жарааты да болгон. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деди Юсупова.

Ал ошондой эле каза болгон аялдын үй-бүлөлүү болгонун, артында бир уулу жана төрт кызы калганын кошумчалады.