90-мүнөттө кирген топ. Мексика футболчулары Корея командасын жеңип алды

Беттеш Ростов-на-Дону шаарында “Ростов-Арена” стадионунда өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Мексика Түштүк Корея командасын 2:1 эсебинде утуп алды. 

Беттеш Ростов-на-Дону шаарында “Ростов-Арена” стадионунда өттү. 

1 / 4
Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Мексика Түштүк Корея командасын 2:1 эсебинде утуп алды
2 / 4
Оюндун биринчи бөлүгүнүн 26-мүнөтүндө мексикалык футболчу Карлос Вела пенальти тебүү менен алгачкы голду камсыздады
3 / 4
Ал эми экинчи бөлүктүн 66-мүнөтүндө ушул эле команданын оюнчусу Хавьер Эрнандес экинчи топту атаандаштарынын дарбазасына киргизди
4 / 4
Бирок оюн соңуна чыгайын деп 90-мүнөткө келгенде кораялык Сон Хынмин да бир топ киргизүүгө жетишти.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 26-мүнөтүндө мексикалык футболчу Карлос Вела пенальти тебүү менен алгачкы голду камсыздады. Ал эми экинчи бөлүктүн 66-мүнөтүндө ушул эле команданын оюнчусу Хавьер Эрнандес экинчи топту атаандаштарынын дарбазасына киргизди. Бирок оюн соңуна чыгайын деп 90-мүнөткө келгенде кораялык Сон Хынмин да бир топ киргизүүгө жетишти. Натыйжада 2:1 эсеби менен Мексиканын футболчуларды жеңишке жетти.