Баш көтөрткөн жок! Бельгиянын футболчулары тунистиктерди утуп кетти

Оюн Москва шаарындагы "Спартак" стадионунда болду.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бельгиянын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк мелдеште Тунисти 5:2 эсебинде жеңип алды.

Кызыктар эми болчудай... Футбол чемпионатын ким жеңет?
Оюн башталгандан алты мүнөттөн кийин биринчи топту белгиялык команданын оюнчусу Эден Азар киргизип, ал ийгилигин 51 мүнөттө кайталады. Андан сырткары Ромелу Лукаку дагы эки упай топтоп берди. Акыркы бешинчи голу Миши Батшуайи киргизди.

Беттештин аяктаарына 18 мүнөт калганда Тунистиктердин намысын коргогонго аракет кылган Дилан Бронн бельгиялыктардын дарбазасына бир топ киргизди. Дагы бир упайды Вахби Хазри топтоду. Ошентип оюн, бельгиялыктардын пайдасына аяктады.