Эреже бузуп издөөгө алынган 5 автоунаа. Машиналардын сүрөтү

Беш көлүктүн ичинен бирөө Чүй облусунда тартылганы менен окурман анын Бишкекте көп жүрөрүн айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Окурман Sputnik Кыргызстан редакциясынын WhatsApp каналы аркылуу одоно мыйзам бузган автоунаалардын сүрөтүн жиберди.

Анын айтымында, төрт машина Бишкекте тартылса, бирөөнү Чүй облусунун аймагынан тартып алышкан. Баарынын тең мамлекеттик номерлери шек жаратууда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, тагылган номерлер аталган унааларга катталган-катталбаганына кызыгып көрдү. Натыйжада номерлердин баары машиналардыкы болуп чыкканы менен башка эреже бузуулар аныкталган.

Toyota Land Cruiser 200 с госномером 08KG 888 ABN

— 08KG888ABN мамлекеттик номерлүү Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаа — Каттоо кызматынын маалыматы боюнча бул номер жасалма, анткени мындай номерлердин сериясы азыр чыга элек. Мындан тышкары, машина толугу менен караңгылатылыптыр, буга мыйзам жол бербейт.

Буга чейин борбор калаадагы соода үйлөрүнүн бириндеги унаа токтотуучу жайда ушундай эле номер тагылган Mercedes S500 унаасы турганы айтылган болчу.

BMW X5 с госномером 1111 DA

— 1111 DA номерлүү BMW X5 — Каттоо кызматынын маалыматы боюнча бул номер 2001-жылы каттоодон алынган. Мындан тышкары, сүрөттөн унаага укук коргоо органдарынын маяк белгисинин ордуна пайдаланылчу "стробоскоп" түзүлүшү орнотулганын көрүүгө болот.

Subaru с госномером 5733 BC.

— 5733 BC номерлүү Subaru — бул номер Каттоо кызматынын базасында жоголгон номер катары каттоодо турат, унаа толугу менен караңгылатылган. Окурман бул машина Чүй облусунда тартылганын, бирок Бишкектин аймагынан көп жолуктурууга болорун белгиледи.

Porsche 911 с госномером 01KG 911 ACK

— 01 KG 911 ACK номерлүү Porsche 911 — Каттоо кызматынын маалыматы боюнча номер аталган унаага катталган. Бирок сүрөттөгү көлүктүн каптал жана маңдайкы терезелери караңгылатылганы көрүнүп турат.

Mercedes-Benz E 55 с госномером 0004 BD

— 0004 BD номерлүү Mercedes-Benz E 55 — номер боюнча маселе жок, бирок мыйзам тыюу салган терезени караңгылатуу фактысы бар.

Бишкек ШИИБдин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгы Sputnik Кыргызстан кабарчысынан алынган маалымат издөө бөлүмүнө берилерин белгиледи. Табылгандан кийин айдоочулар айыпка жыгыларына убада кылышты.