Бишкектеги 25 маршрутка жүргөн жолун өзгөртөт. Каттамдардын тизмеси

Каттамдардын бир катарлары бир тараптуу, ал эми көбүрөөгү эки тараптуу өзгөргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Учурда Манас проспектисинин Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү оңдолуп жаткандыктан Бишкектин дал борбору менен жүргөн 25 маршрутканын каттамынын жолу өзгөрдү. Бул туурасында Капиталдык курулуш башкармалыгына таянуу менен мэрия билдирди.

Схема движения общественного транспорта в период закрытия части проспекта Манаса

№136, 139, 143, 199, 219, 225, 107 маршруткалар үч көчөдө башка жолдор менен жүрө турган болду. Тагыраагы, Чүй проспектиси, Киев жана Турусбеков көчөлөрү менен жүргөн багыты өзгөрдү.

Шабдан баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
Андан сырткары №215, 148, 264, 132 маршруткалар эгерде чыгышты көздөй багыт алса, Турусбеков, Москва көчөлөрү жана Манас проспектиси менен кетет. Ал эми батышты көздөй бара жатса, Токтогул, Турусбеков, Киев көчөлөрү менен жүрмөкчү.

№150, 188 маршруттук каттамдар Манас проспектиси, Чүй, Исанов көчөлөрү аркылуу жүрөт да, андан ары өзүнүн мурдагы багыты менен кетет.

№167, 262 каттамдагы кичи автобустар Манас, Москва жана Тоголок Молдо менен кетет, ал эми артка кайтканда Манас, Чүй, Исанов, Токтогулга түшөт да, андан ары мурункудай эле жолун улайт.

№192 маршрутка түндүк тарапка баратса Киев, Тоголок Молдо менен кетет, ал эми артка кайтып келе жатканда баштапкы багытын бузбайт.

№203, 216 Манас проспектиси Москва, Тоголок Молдо көчөлөрүн аралап кетет да, артка кайтканда Исанов, Токтогул менен Манастын кесип өтөт.

№220 Чүй менен түптүз жүрөт.

№222 чыгышка тарапка баратса, ал эми №186, 170 эки тарапка тең Киев, Исанов, Токтогул менен жүрөт.

№223 маршруттук каттам Москва, Тоголок Молдо жана Чүй проспектилери менен жүрөт да, артка кайтканда Турусбеков, Москва жана Манас проспектиси менен кетет.

№243 Чүй, Жаш Гвардия жана Киев аркылуу жүрөт.

№200 каттам түштүктү көздөй Турусбеков, Москва көчөсү жана Манас пропектиси менен барса, артка кайканда каттам өзгөрбөйт.

Кыргызстандын борборунда катары менен одолуп жаткан жолдордун сапаты шектенүүнү жаратып жаткан учурлар да бар.