БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Bishkek Park" соода борборунун үстүңкү кабатын түтүн каптаганын күбө билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналы аркылуу жиберген сүрөттөргө караганда окуя соода борборунун жогорку кабаттарынын биринде болгон.
Күбөнүн айтымында, имараттын ичиндегилер сыртка чыгарылган.
Аталган соода борборунун маалымат кызматы жогорку кабаттагы тамактануу жайларынын бириндеги жабдуулар түтөгөнүн, жерине өрт өчүрүү кызматы келгенин билдирди.
ӨКМдин маалыматы боюнча кырсык тууралуу билдирүү саат 13.20да түшүп, окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткен. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.
Ал эми күбөнүн айтымында, ушу тапта окуянын кесепети толугу менен жоюлду.