Кагаз бир тыйын Россияда 3 миң рублге бааланууда. Себеби эмнеде?

Кыргызстандык айрым улуттук купюралары коллекционерлер тарабынан жогору бааланып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россиянын Newauction интернет-аукционуна Кыргызстандын 1 тыйындык  кагаз акчасы  коюлуп, 3 миң рублге (3210 сом) бааланды.

2000 сомдук купюра өз баасынан 6 эсе жогору сатылып жатат. Себеби
Бир тыйын номиналындагы кагаз акчанын наркы 321 миң эсеге көтөрүлүп кетти. Ал эми 5 сомдук акчанын баасы 4300 рубль (4 600 сом) деп бычылып жатат.

Соодагерлердин айтымында, бул акчалар керектен чыккан купюраларды алмаштыруучу каражат, демек алардын иреттик номери да башка. Мындай акчалардын саны аз болгондуктан коллекционерлер тарабынан жогору бааланып келет.

Бүгүнкү күндө аталган купюралар колдонулбайт, бирок аукциондордо баасы кымбат экендигин байкоого болот.