ОШ, 22-июн. – Sputnik. Акыркы мезгилде Ош облусунун аймагында жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын Кардиология бөлүмүнүн башчысы Сабыр Байматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында Ош шаарындагы Алымбек Датка этнокомплексинде "Сергек жашоо жумалыгы боюнча гипертония күнү" деген аталышта акция өткөрүлдү.
"Иш-чара Саламаттыкты сактоо министрлигинин жүрөк ооруларына каршы күрөшүү боюнча жарыяланган бир айлык акциясынын алкагында уюштурулду. Анда облустук оорукананын Кардиология бөлүмүнүн дарыгерлери илдетти алдын алуу боюнча жарандарга акысыз кеп кеңештерин беришти", — деди Байматов.
Ал белгилегендей, учурда гипертония илдети жашарып барат, тагыраагы 25-30 жаштагы адамдар да ооруй баштады.
Иш-чара сентябрь айында "Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүндө" улантылат.