Тайкүлүктөр тапталууда! 5 жаштан 15 жашка чейинки мыкты манасчылар тандалды

Иш-чарага жалпы жонунан 50дөн ашуун манасчы катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Улуу Манас баянын жар салган 40 күндүк иш-чара соңуна чыгып, Бишкек шаарында жаш манасчылардын ичинен мыктылар аныкталганын "Көйкашка" коомдук бирикмесинин жетекчиси Азамат Нусупов билдирди.

1 / 4
Улуу Манас баянын жар салган 40 күндүк иш-чара соңуна чыгып, Бишкек шаарында жаш манасчылардын ичинен мыктылар аныкталганын "Көйкашка" коомдук бирикмесинин жетекчиси Азамат Нусупов билдирди
2 / 4
Маалыматка ылайык, республикалык таймаш 5 жаштан 15 жашка чейинки жана 15 жаштан 28ге чейинки категорияда өткөн
3 / 4
Нусуповдун айтымында, жети жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Манас майрамы быйыл аймактарды өнүктүрүү жылына арналды
4 / 4
Жаш манасчылар арасында Төлөбек Муса уулу 1-орунду алса, экинчи орунга Кутман Садыбакасов ээ болду. Ал эми үчүнчү сапка Белек Бактыбеков татыды.

Маалыматка ылайык, республикалык таймаш 5 жаштан 15 жашка чейинки жана 15 жаштан 28ге чейинки категорияда өткөн. Нусуповдун айтымында, жети жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Манас майрамы быйыл аймактарды өнүктүрүү жылына арналды.

"Жаш манасчылар арасында Төлөбек Муса уулу 1-орунду алса, экинчи орунга Кутман Садыбакасов ээ болду. Ал эми үчүнчү сапка Белек Бактыбеков татыды. Байге фондусу 40 миң сом эле", — деди Нусупов.

Иш-чарага жалпы жонунан 50дөн ашуун манасчы катышкан.