Пресс-борбор

Sputnik Кыргызстан студенттерге жаңылык жазуунун ыкмаларын айтып берди

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун журналисти Нургүл Максутова жаш журналисттер менен студенттерге мастер-класс өткөрүп, маалымат жазуунун ыкмаларын айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу өзүнүн мультимедиалык борборунда жаш журналисттер менен студенттерге "Кабарды кантип жазабыз" деп аталган мастер-класс уюштурду. Анда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Нургүл Максутова спикер болду.

1 / 2
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу өзүнүн мультимедиалык борборунда жаш журналисттер менен студенттерге "Кабарды кантип жазабыз" деп аталган мастер-класс уюштурду
2 / 2
Анда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Нургүл Максутова спикер болду

Журналист алгач жалпы Sputnik агенттиги тууралуу, анын ичинен Sputnik Кыргызстандын жалпы контенти, мультимедиалык өзгөчөлүктөрү туурасында маалымат берди. Андан соң жаңылык жазуунун эрежелери, ыкмалары туурасында кеңири түшүндүрдү.

Жаш жана болочоктогу журналисттер менен болгон бул иш-чара жандуу маанайда өтүп, кызыктуу суроолор арбын берилди.

Алардын ичинде кабарды кантип так жазуу, тез арада маалыматты алуу жана журналисттердин этикасы боюнча да суроолор болду.

"Журналистика кылдаттыкты, тактыкты жана объективдүүлүктү талап кылган кесип. Бир эле макаланын, бир эле жаңылыктын адамдын тагдырын жакшы да, жаман да жакка өзгөртүп жиберүү күчү бар. Биздин кармана турган принциптерибиздин негизгиси – бирөөгө кыянаттык кылбоо", — деди Максутова.

Мастер-класстын катышуучулары аталган агенттиктин продукцияларынын ичинен инфографика жана лонгриддердин жасалышына кызыгып, бул жаатта да окутууларды өткөрүүнү сунушташты.

Иш-чара SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында өттү.