Швеция пил менен деңиз арстандарын цирк оюндарына тартууга тыюу салды

Мыйзам кийинки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Швециянын өкмөтү пил менен деңиз арстандарын өлкө ичинде цирк шоуларында колдонууга тыюу салынды. Тийиштүү документ 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

"Деңиз арстандары менен пилдерге циркте жаратылыштагыдай шарт каралган эмес. Андыктан өкмөт тыюу салуу боюнча чечим кабыл алды. Швециянын цирки өз эрки менен шоу-программаларда деңиз арстандары менен пилдерди колдонбоого акырындык менен өтүп жатат. Ошондуктан тыюу биринчи кезекте Швецияда шоу тартуулап жаткан чет элдик цирктерге тиешелүү", — деген пикирин өлкөнүн айыл чарба министри Свен-Эрика Бухта билдирген.

Кийинки жылдын апрелинде күчүнө кире турган жаныбарларды коргоо боюнча башка мыйзамда мышыктарды каттоого алуу жана алардын санын тактоо боюнча иштер башталды. Эгер бул система натыйжалуулугун көрсөтсө бийликке кайсы мышык кимге таандык экенин, кайсынысы кароосуз калып, жапайы болуп кеткенин аныктоого жардам берет.