Ишенимдүү жеңиш! Нигерия курама командасы Исландияны артта калтырды

Нигерия менен Исландия мамлекеттеринин футбол боюнча курама командалары Волгоград шаарында беттешти.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Нигериянын курама командасы исландиялык атаандаштарын 2:0 эсеби менен утуп алды.

Эки гол тең экинчи таймда киргизилди. Нигериялыктарга Ахмед Мусанын 49чу жана 75чи мүнөттөрдө киргизген голу жеңиш алып келди. Акырында Исландиянын курама командасына пенальти тебүү мүмкүнчүлүгү берилип, бирок жарым коргоочу Гильфи Сигурдссон аны командасынын пайдасына колдоно алган жок.

1 / 2
Нигериянын курама командасы исландиялык атаандаштарын 2:0 эсеби менен утуп алды.
2 / 2
Акырында Исландиянын курама командасына пенальти тебүү мүмкүнчүлүгү берилип, бирок жарым коргоочу Гильфи Сигурдссон аны командасынын пайдасына колдоно алган жок.

Аталган эки команда D тайпасынын алкагында ат салышты. Бул тайпанын лидери — алты упайы бар Хорватия курама командасы. Экинчи орунда үч упай менен Нигерия турат. Исландия менен Аргентинанын бирден упайлары бар.