Меланья Трамптын күрмөсүндөгү чагымчыл жазуу соцтармакта катуу сынга калды

Интернет колдонуучулары биринчи айымды кийим тандоодо этият болууга чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. АКШнын биринчи айымы Меланья Трамп Техас шаарындагы мыйзамсыз мигранттардын балдары кармалып турган борборго барганда кийген күрмөсү үчүн социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына калды. Бул тууралуу ВВС телеканалы билдирди.

Меланья Трамп "I really don't care. Do U?" (Бул мени такыр ойлондурбайт. А силердичи?) деген жазуусу бар күрмө кийип алганына интернет колдонуучулар көңүл бурушкан.

​Айрымдар Меланьяны мигранттардын маселеси такыр ойлондурбайт көрүнөт деген пикирлерин жазып, кийим тандоодо этият болууга чакырды.

​Кийин биринчи айымдын маалымат катчысы кийимдин жазуусунда эч кандай катылган маалымат жок экенин айткан. Ошондой эле болгон окуя тууралуу Дональд Трамп дагы өз пикирин билдирген.

​"Бул фраза жалган маалымат тараткан ЖМКларга арналат. Меланья алар канчалык деңгээлде калп айтарын түшүндү. Андыктан эми ага баары бир", — деди Трамп.

Маалыматка ылайык, күрмө интернетте талкуу жараткандан кийин биринчи айым агыш түстөгү күрмө кийген.