Хорватия Аргентинанын таш-талканын чыгарып, 1/8 финалга чыкты

Аргентинанын тайпалык оюндардан чыгуу мүмкүнчүлүгү азаюуда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Хорватиянын курама командасы Аргентинаны 3:0 эсебинде утуп, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыкты.

Мелдеш Нижный Новгород шаарындагы стадиондо өттү.

1 / 5
Хорватиянын курама командасы Аргентинаны 3:0 эсебинде утуп, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыкты
2 / 5
Мелдеш Нижный Новгород шаарындагы стадиондо өттү
3 / 5
Хорватиянын оюнчулары Анте Ребич (53-мүнөт), Лука Модрич (80-мүнөт) жана Иван Ракитич (90+1) командасын алдыга сүрөп чыкты
4 / 5
Эми Аргентинанын оюнчулары D тайпасындагы Нигерияны утушу зарыл
5 / 5
Месси баштаган команданын кийинки баскычка өтүшү үчүн Исландия бүгүнкү оюндарда Нигерия менен Хорватиядан утулушу керек.

Хорватиянын оюнчулары Анте Ребич (53-мүнөт), Лука Модрич (80-мүнөт) жана Иван Ракитич (90+1) командасын алдыга сүрөп чыкты.

Үлгү алсак! Япондуктардын футбол бүткөн соң стадионду жыйнап кеткен видеосу
Ошентип Хорватия 6 упай менен плей-офф оюндарына чыктты. Эми Аргентинанын оюнчулары D тайпасындагы Нигерияны утушу зарыл. Месси баштаган команданын кийинки баскычка өтүшү үчүн Исландия бүгүнкү оюндарда Нигерия менен Хорватиядан утулушу керек.

Азыркы тапта Исландия менен Аргентинанын бирден упайы бар. Нигерия упай ала элек.