Дарбазачыны карайлаткан гол. Бразилия курамасы Коста-Рикадан озуп кетти

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагындагы бул оюн Санкт-Петербург шаарында өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бразилиянын курама командасы Коста-Риканын футболчуларын 2:0 эсеби менен артта калтырды. 

Алгач бразилиялыктар мыктылыгын көрсөткүсү келип, атаандашынын дарбазасына жакын ойногонуна карбай, көп ийгилик жарата алышкан эмес. 

1 / 4
Бразилиянын курама командасы Коста-Риканын футболчуларын 2:0 эсеби менен артта калдырды.
2 / 4
Алгач бразилиялыктар мыктылыгын көрсөткүсү келип, атаандашынын дарбазасына жакын ойногонуна карбай, көп ийгилик жарата алышкан эмес.
3 / 4
Командалар тең чыкканы калганда, экинчи таймдын кошумча мүнөттөрүнүн биринчисинде Коутинью гол киргилди.
4 / 4
Ал эми акыркы мүнөтүндө Неймар экинчи голдун автору боло алды. Оюн аяктаган соң Бразилия курамасынын форварды ыйлап жиберди.

Командалар тең чыкканы калганда, экинчи таймдын кошумча мүнөттөрүнүн биринчисинде Коутинью топту дарбазачынын аласынан өткөрүп гол киргизди. Ал эми акыркы мүнөтүндө Неймар экинчи голдун автору боло алды. Оюн аяктаган соң Бразилия курамасынын форварды ыйлап жиберди.

Ошентип Бразилия футболчулары өз тайпасында төрт упай менен биринчи орунга чыкты. Коста-Рика упай ала алган жок.