Капаста кармалган, ыйлаган бөбөктөр. АКШдагы мигранттардын балдары тартылган видео

АКШнын Чек ара кызматынына тиешелүү имараттагы балдардын ыйлаган видео менен аудиосу жарыяланды.
Sputnik

Жүрөк ооруткан видеону BBC агенттиги өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жайгаштырды.

Акыркы эки аптада коомчулуктун кыжырын АКШнын мыйзамсыз мигранттар жаатындагы саясаты менен мамилеси бир топ кайнатты. Тагыраагы, балдардын мигрант ата-энелерден ажыратышы болду. Атайын борбордо 2,3 миңге чукул бала кармалып турат. Бөбөктөрдүн ата-энесинен ажыратылышын АКШдагы укук коргоочулар, оппозициячыл-демократтар гана эмес, республикачылар, ал тургай президент Дональд Трамптын аялы Меланья да сындап чыкты.

Интернетте жарыяланган видеодо балдардын болжол менен 4-10 жаш курагында экендигин байкоого болот.

Мексика Дональд Трамптын айткандарына нааразы болду
Ага кошумча, кызматкерлердин "Бизде оркестр пайда болгонбу?" деген тамашасын эшитүүгө болот.

Кечээ коомчулуктун басымы аркылуу Дональд Трамп Мексика менен болгон чек араны кесип өткөн мигранттарды балдарынан ажыратууга тыюу слаган Жарлыкка кол койгондугу маалым болду.

Президентт Дональд Трамп эле эмес, анын үй-бүлөсүнүн ар бир кадамы коомчулуктун көз кырында турат. Жакында эле Меланья Трамптын күрмөсүндөгү чагымчыл жазуу соцтармакта катуу сынга калган.