Айбек Байымбетов: "Манас" эпосун ар бир кыргыздын телефонуна салып беребиз

"Манас" эпосунда Чыйырды деген ким, Кытайдан келген Алмамбет кантип баатырдын оң колу болуп калган, Көкөтөйдүн ашы кантип өткөн?.. Бул суроолорго жооп бере аласызбы?
Sputnik

"Манас" эпосун толугу менен окуп чыккыңыз келип, бирок мойнуңуз жар бербей жүрсө, жакында анын мобилдик тиркемеси чыгат. Кадимкидей App Store же Play Market аркылуу көчүрүп алып, каалаган жерден, каалаган учурда уга аласыз.

Кыргыз турмушунун философиясы болгон "Манас" эпосун жаштардын арасында заманбап технологиялар аркылуу жеткирүүнү максат кылган "Нарк" долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетовду Sputnik Кыргызстан агенттиги кепке тартты.

Руководитель проекта "Нарк" Айбек Байымбетов

— Мынчалык ири эпосту мобилдик тиркемеге киргизүү идеясы кайдан жаралды? Азыр аны кимдер даярдап жатат?

— "Ак Шумкар КУТ" коомдук бирикмесинин "Нарк" долбоору бар. Ал IT тармагында бир нече жылдан бери иштеген адистердин башын бириктирген. Кээ бирлери чет өлкөлөрдө иштеп келсе, айрымдагы дагы деле сыртта. Биз менен алыстан туруп иштешет. Алардан тышкары, журналисттер жана дизайнерлер бар. Кыскасы салттуу маданиятка жигердүүлүк менен караган жаштар. Башында петроглиф же оюулар боюнча тиркеме жасайлы дегенбиз. Бирок жакшылап ойлонуп көрүп, "Манас" эпосуна токтолдук. Албетте эпосту толугу менен ала албайбыз, "Манас" деген чоң нерсе. Алгач үч эпизоддон — "Чоң казат", "Тойторунун чабылышы" жана "Көкөтөйдүн ашынан" баштайбыз.

— Эмне себептен бул үчөөнөн баштадыңар?

— Булар бекер жеринен тандалган жок. Ар биринде азыркы заманда дагы актуалдуу болуп турган маселелер козголгон. "Көкөтөйдүн ашы" — аштын аркасы менен көчмөндөр дүйнөсүндө эң алгачкы өткөрүлгөн Олипм оюндары тууралуу. "Чоң казат" — ак-каранын күрөшүндөгү жыйынтыктоочу учур. Азыр кыргыз элинин абалы, саясий турмушу дагы өзүнчө бир чоң казат болуп жатат. "Тайторунун чабылышы" — Тайтору төлгө катары чабылган. Эгер ал озуп чыкса, Каныкей эне уулу Семетейге атасы Манас, жери Талас экенин угузам деп өзүнө сөз берген. Тагыраагы, кыргыздардын кийинки тагдыры ушул аркылуу чечилген. Азыр деле кыргыз эли Тайтору сыяктуу 60 аттын артында, ара жолдо келе жатат. Озуп чыгабызбы, өз ордубузду табабызбы деген суроо менен жашап келе жатабыз. Аллегориясы ушунда.

Руководитель проекта "Нарк" Айбек Байымбетов

— Тирмеке кайсы манасчынын варианты менен дайындалат?

— Саякбайдын даяр аудиолорун киргизели деп турабыз. Анын экспрессиясы күчтүү, үнү керемет. Уккан адамдын өзү билип-билбей кан тамырындагы кыргыз касиети ойгоно берет. Буга эч ким каршы чыкпайт деп ойлойм. Кийин бардыгы биз ойлогондой болуп калса, башка манасчылардын дагы айтуулары кошулат.

— Бирок тиркеме жалаң аудиодон турбаса керек?

"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты
— Ооба, жалаң эле сюжеттик окуялар камтылбайт. Ал жерде география, каармандардын сүрөттөмөлөрү, орчундуу окуялардын мааниси чечмеленет. Мисалы, Алмамбет Манаска эмнеге келген? Ал Кытай тарапка таарынып эле келип алган эмес да. Мунун дагы руханий мааниси, миссиясы бар. Негизи эле "Манас" жашоону чечмелеп бере турган энциклопедияга айланса деп ойлойбуз. "Манаста" адам баласына руханий азык болгон Куран, Библия, Таурат, Буддизм трактаттары сыяктуу ыйык китептердей эле функцияны аткарууга мүмкүнчүлүк бар. Болгону жаштар Манаска болгон көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек. Бул XXI кылым үчүн зарыл нерсе.

Мисалы, Семетей Темиркан таятасынын кичүү баласындай Бухаранын ханзадасы болуп жашап жатпайбы. Байлык десе байлыгы, бийлик десе бийлиги бар, телегейи тегиз. Эч нерсеге башын оорутпай, эрке талтаң болуп жата берсе болот эле да. Бирок ал атасы Манас, жери Талас экенин билгенден кийин ошонун баарынан кечип кетет. XXI кылымда жашаган адам үчүн бул акмакчылык, акылга сыйбаган нерсе. Көпчүлүктө "өмүр бою байлык менен бийликке умтулабыз, анан ушинтип бир күндө жыргал турмуштан кечип салабы?" деген суроо пайда болот. Ооба, ал ошентти. Анткени кыргыз баласы үчүн байлык, бийликтен дагы өйдө турган Мекен, намыс, абийир, атанын жолу, кудайдын ыраазычылыгы деген руханий улуу принциптер бар. Семетей 12 жашында кара башынын жыргалчылыгын ойлобой, Таласка келип, чачылган кыргызды жыйнап жатпайбы.

Руководитель проекта "Нарк" Айбек Байымбетов

— Туура айтасыз, "Манастагы" каармандардан жаштар гана эмес, улуу муун деле сабак алгыдай абалда турабыз. Эми бул такыр башка кеп… Тиркемеге кайрылсак, окуялардын географиясы жана каармандар тууралуу маалыматтар болот деп жатасыз. Булар жаштарга кызык боло турган форматта жасалабы? Азыр адамдын көңүлүн бир нерседе көпкө кармап туруу татаал болуп калбадыбы? Кызыкпаса дароо башкасына өтүп кетет.

"Манас" эпосу англис тилине которулуп, Amazon аркылуу сатылууда
— Анысы бар. Ошол себептен биз, мисалы, ошол эле окуялардын географисын интерактивдик формада жасаганы жатабыз. Окурманга "Манастын жолун басып өт" деген сыяктуу чакырык таштайбыз. Менимче бул жаштардын көңүлүн бура алат. Манастын доорунда эле алдыңкы технологиялар, курал-жарактар колдонулганы айтылат. Авангарддык интеллектуалдык нерселерди ойлоп тапкан креативдүү адамдар болгон. Кыскасы, "Манас" эпосун ар бир кыргыздын телефонуна салып берүүнү максат кылуудабыз.

— Буларды даярдоо оңой-олтоң иш эмес. Мисалы, Sputnik Кыргызстан агенттиги Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" китебин аудиолоштуруу үчүн өтө көп эмгек жумшап, жарым жылдан ашыгыраак убакыт сарптаган.

— Орой айтканда техникалык база жагынан биз кембагалбыз. "ИСУР" коомдук фондусуну гана колдоп жатат. "Сынган кылычтын" аудио китеби мыкты жасалган. Сиздердикиндей студия, жабдуу, колдоо болсо жакшы болмок. Бирок азыр кара күч менен эле тартып жүрөбүз.

Руководитель проекта "Нарк" Айбек Байымбетов

— Түшүнүктүү. Тиркеме качан даяр болуп калат?

— Буюрса күз айларында.

— Акысыз болобу?

— Сөзсүз түрдө алгач акысыз болот. Биринчи iOS платформасына ылайыкталат. Бул iPhone телефондору үчүн. Бир аз кийинчерээк Android платформасына жасай баштайбыз. Убакыт өтүп, тиркемеге алтын фонддун материалдары кошулуп, көлөмү көбөйсө акы төлөнө турган болуп калышы ыктымал. Анткени, интернет мейкиндигинде сакталган орун үчүн, техникалык кызматтар үчүн каражат керек. Тагыраагы, тиркеме өзүн багышы зарыл.