Google адам өлүмүн алдын ала айтууну үйрөндү

Google компаниясынын нейрондук түйүнү бейтаптын абалы канча убакта жакшырышы мүмкүндүгүн жана ооруканага кайра качан кайрылуусу ыктымалдыгын кошо анализдей алат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Google компаниясы Medical Brain аттуу алгоритмди иштеп чыкты. Ал бейтаптын көз жума турган күнүн болжолдой алат. Бул тууралуу Bloomberg жазып чыкты.

Google компаниясынан билдиришкендей, аталган система так диагноз коюга көмөктөшүп дарыгерлердин ишин кыйла жеңилдетет.

Окумуштуулар кандын анализи менен ымыркай качан төрөлөрүн аныктаса болорун айтышты
Долбоор адамдын ден соолугунун көрсөткүчтөрүн, жынысын, этникалык өзгөчөлүгүн, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, мурдагы диагноздор менен дагы башка факторлорду изилдеп чыгат. Жасалма интеллект бардык көрсөткүчтөрдү салыштырып отуруп бейтап кандай оорудан улам жана качан көз жумарын болжолдоп айтат.

Ушул система буга чейин рак дартына чалдыккан аялдын өлүмүнүн болжолдуу датасын дарыгерлерге салыштырмалуу так айткан.

Google компаниясынын нейрондук түйүнү бейтаптын абалы канча убакта жакшырышы мүмкүндүгүн жана ооруканага кайра качан кайрылуусу ыктымалдыгын кошо анализдей алат.