ЖК төрагасы парламентке келген өкмөт өкүлдөрүнүн кийинип келгенин сындады

Дастан Жумабеков парламентке келгендер дресс-код, регламентти сакташы керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков "Кооперативдер жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринин кийинип келгенин сынга алды.

Жумабеков Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Эркинбек Чодуевди артын бир кылчайып карап коюуга чакырды.

"Бизде дресс-код, этика жана регламент деген бар. Түз эфирде Кыргызстандын эли бүт карап жатат. Бул кызматкерлер өзүлөрүнүн кабинеттеринде ушундай кийинип отура берсин, ага эч кандай тыюу салбайбыз. Азыр жыйынга мындай кийинип келген докладчылардын бардыгы кетсин, биз кабыл албайбыз. Мындай болбойт", — деди ал.

Өз кезегинде Чодуев кемчиликтерди жоюшарын, дресс-код маселесин талкуулай турганын белгилеп кечирим сурады.

Жогорку Кеңеште вице-премьер Замирбек Аскаровду кызматтан алуу сунушталды
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков премьер-министрге жана өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, бул маселени көзөмөлгө алуусун өтүндү.

"Биз өзүбүздөн баштабасак анда иш жүрбөйт. Бул акыркы эскертүү болсун, мындан кийин кайталанбасын", — деди төрага.

"Кооперативдер жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууга жөнөтүлдү.

Буга чейин көпчүлүктүн көңүлүн бурган жана спорт кийимчен келген журналисттер да Жогорку Кеңештин имаратына киргизилбей турган болгон.