БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Музыкалык "Звери" тобу Ысык-Көлгө келгенин топтун солисти Роман Билык Instagram аккаунтуна жазды.
Аткаруучу Ысык-Көлдүн фонунда түшкөн сүрөтүнө "бул жакка эмнеге келгенимди сурабагыла" деп жазып койгон.
Эске салсак, буга чейин бокс боюнча дүйнө жылдызы Константин Цзю дагы Ысык-Көлгө келип эс алып кеткен.