Ысык-Көл облусуна караштуу Семеновка айылына мөндүр жааганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымында, мөндүр бүгүн, 21-июнда, беш мүнөттөй жааган.
Бул аймакка мөндүр биринчи жолу жаап жаткан жок.
Эске салсак, буга чейин Ноокатта, андан кийин Ала-Букада бөдөнөнүн жумурткасындай болгон мөндүр жааган. Анын кесепетинен багбандар 27 миллион сом чыгым тарткан.