ТЭЦ чыры: экс-премьер Сатыбалдиев тергөө аяктаганча камакка алынды

Эске салсак, Жантөрө Сатыбалдиев мындан үч күн мурда, тагыраагы, 18-июнда кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. ТЭЦ чырына байланыштуу камалган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасы каралып, тергөө бүткөнгө чейин тергөө абагына калтырылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабаралашты.

Мындай чечимди 20-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими чыгарган.

Темир Сариев экинчи ирет УКМКга сурак берүү үчүн чакырылды
Эске салсак, Жантөрө Сатыбалдиев мындан үч күн мурда, тагыраагы, 18-июнда кармалган.

Парламент жазында депутаттык комиссиянын ТЭЦти модернизациялоого алынган кредиттин канчалык майнаптуу, туура пайдаланылгандыгын жана аталган жайдагы авариянын себебин иликтеген отчетун уккан. Ага мурдагы премьер-министрлер жана энергетикалык тармактардын башчылары да чакырылган. Кийинчерээк ТЭЦти модернизациялоо маселесине байланыштуу коррупциялык учурлар чыгып, бир катар аткаминерлер камакка алынган. Алардын арасында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев жана башка аткаминерлер бар.