Нарын: мыкты мугалимдер Ысык-Көл менен Түркияда эс алмай болушту

Билим берүүдөгү мыктыларды сыйлоо 21-июнда өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Нарында окуу жылынын жыйынтыгы менен мыкты көрсөткүчкө жетишкен окуучулар, мугалимдерге акчалай сыйлыктар менен катар Ысык-Көлгө жана Түркияга эс алууга жолдомо тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

1 / 4
Нарында окуу жылынын жыйынтыгы менен мыкты көрсөткүчкө жетишкен окуучулар, мугалимдерге акчалай сыйлыктар менен катар Ысык-Көлгө жана Түркияга эс алууга жолдомо тапшырылды
2 / 4
Иш-чарада эл аралык жана республикалык олимпиадаларда, спорттук мелдештерде, облустук, республикалык, эл аралык кароо-сынактарда байгелүү орундарды камсыз кылган окуучулардын ийгилиги айтылды
3 / 4
2016-жылы салтанатка 160 билим алдыңкылары катышып сыйлык алса, 2017-жылы — 195, быйыл 351 мыкты сыйланды
4 / 4
Кайыпов жылдан жылга облуста билим берүүнү сапаты жогорулап жатканын айтып, жалпы республикалык тестирлөөдө "Алтын сертификат" алган окуучулардын саны көбөйүп жатканына токтолду.

Ага ылайык, иш-чара 21-июнда болгон.

"Майрамдык чоң салтанат өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тарабынан окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү, аларга дем берип, мугалимдерди шыктандыруу максатында салт катары үчүнчү жолу уюштурулуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Жусупбекова: көп тилдүү билим берүүдө Кыргызстан алдыда келе жатат
Иш-чарада эл аралык жана республикалык олимпиадаларда, спорттук мелдештерде, облустук, республикалык, эл аралык кароо-сынактарда байгелүү орундарды камсыз кылган окуучулардын ийгилиги айтылды.

2016-жылы салтанатка 160 билим алдыңкылары катышып сыйлык алса, 2017-жылы — 195, быйыл 351 мыкты сыйланды.

Кайыпов жылдан жылга облуста билим берүүнү сапаты жогорулап жатканын айтып, жалпы республикалык тестирлөөдө "Алтын сертификат" алган окуучулардын саны көбөйүп жатканына токтолду.

"Алтын сертификатты 2017-жылы 1 окуучу алса, быйыл айылдын 3 окуучусу алды. Биргеликте иш алып баралы. Сапаттуу билим берүүгө ата-эне, мугалим, ар бирибиз жоопкерчиликтүүбүз", — деди облус башчысы.

Билим берүү тармагынын мыктыларына 14 номинацияда баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 6 адамга Ысык-Көлгө жана бир кишиге Түркияга эс алууга жолдомо берилди.

Сыйлануучуларга жалпы 515 миң сом каражат облустук мугалимдердин Коомдук кеңешинин алдында түзүлгөн Апыш Койчуманов жана Көкөбай Мамбеталиев атындагы фондулардан бөлүндү.