БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. КР өкмөт аппаратынын жетекчиси Мурат Мукамбетов өкмөт Кызыл-Кыядагы цемент заводу боюнча токтомун кайра чакыртып алганын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте түрдүү маселелер каралганда бир катар депутаттар өкмөттүн Кызыл-Кыя цемент заводу боюнча токтому элди экиге бөлүп жатканын айтып, бул ишке вице-премьер Замирбек Аскаров дагы кийлигишкенин белгилешти.
"Түштүктөгү цемент заводу боюнча 13-июнда өкмөттүн токтому чыккан. Бирок премьер-министрдин тапшырмасы менен аны кайта чакыртып алдык. Анткени көп суроо жаралган. Токтомдун долбоору соттун чечиминин негизинде иштелип чыккан жана ага вице-премьерлер демилгечи болгон эмес", — деди Мукамбетов.
КР өкмөт аппаратынын жетекчиси токтом айтылган сын пикирлердин бардыгын эске алуу менен кайра каралат деп ишендирди.